ГЕНОФОНД
ГЕНОФО́НД (ген... ж-а фр. fond, лат. fundus – негиздегенден) – кандайдыр бир жыштыкта кездешкени м-н мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция ж-а түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эӊ бай генофонду нымдуу тропик токойлорунда (Амазонка дарыясынын алабы ж. б.) орун алган. Анда болжол м-н 50000ден ашык өсүмдүк түрү, ошондой эле бизге белгилүү болгон жаныбарлардын жарымынан көбү (курт кумурскалардын 80%; приматтардын 90%) катталган. Бирок бул аймактар акыркы жылдары адамзаттын иш-аракетинин натыйжасында кескин кыскарууга дуушар болууда (к. Табиятты коргоо). Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар популяцияларынын генофондун сактоо – жандуу жаратылышты коргоонун негизги маселелеринин бири. Алардын генофондун коргоодо ж-а көбөйтүүдө улуттук парктар, биосфералык коруктар, зоопарктар, ботаникалык бактар, генбанктары ж. б. мааниси чоӊ.