ГЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНТ , Г а н (нидерландча Gent, фр. Gand) – Бельгиянын батышындагы шаар; Чыгыш Фландрия провинциясынын башкы шаары. Калкы 233,1 миӊ (2006). Брюсселден түндүк-батышта, Шельда ж-а Лейе дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан. Түндүк деӊизиндеги Остенде ж-а Тернезен порттору м-н канал аркылуу байланышат. Деӊиз порту (2004-жылы 25 млн т жүк ташылган). Автомобиль ж-а темир жолдор тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 1794-жылы Франция бийлигинин, 1815-жылы Нидерланд, 1830-жылдан Бельгия королдуктарынын курамына кирген. Готика стилиндеги собор, алтарь, чиркөөлөр, графтардын капкалары, ратуша ж. б. сакталган. Университет (анын алдында музейлер), институттар, лапидариум (орто кылымдагы айкелдер топтому), театр ж. б. бар. Орган фестивалы (1946-жылдан), И. С. Бах атындагы органчылардын конкурсу (1958-жылдан), эл аралык кинофестиваль (2000-жылдан), Европадагы эл аралык эӊ ири гүлдөр көргөзмөсү (5 жылда бир) өткөрүлүп турат. 2000-жылы үстү жабык стадиондо жеӊил атлетика боюнча Европа чемпионаты болгон. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн. Өнөр жайдын башкы тармактары: металлургия, автомобиль куруу, электр-техника, химия, целлюлоза-кагаз, ошондой эле кеме куруу ж-а ремонттоо, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар айланасында көптөгөн гүл өстүрүүчү чарбалар бар.