ГЕОАКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОАКУ́СТИКА (гр. гео… ж-а акустика) – акустиканын жер кыртышында пайда болгон үндүн, инфраүндүн ж-а ультра үндүн таралышын изилдөөчү бөлүмү. Геоакустикага жер кыртышынын үстүӊкү катмарынын түзүлүшүн ж-а касиетин серпилгич толкундардын жардамы м-н изилдөө (акустикалык, сейсмдик чалгындоо, ультраүн жаӊырыгы м-н аныктоо) да кирет. Геоакустиканын ыкмалары ультраүндү практикалык максатта колдонуудан келип чыккан. Жогорку жыштыктагы ультраүн (20 кГц ж-а андан жогору) жер кыртышында көбүрөөк жутулгандыктан, ал аркылуу бир нече м тереӊдикке чейинки жаткан тектер гана изилденет.