ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАР
ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАР , т о п о н и м д е р – жер бетиндеги географиялык объектилердин – материк, океан, деӊиз, агым, дарыя, көл, арал, тоо, мамлекет, айыл-кыштак, көчө ж. б-дын энчилүү аттары. Географиялык аталыштардын суммасы топонимиянын калыптануу процессинде ж-а азыркы салыштырмалуу туруктуу абалында закон ченемдүү кайталанып туруучу системаны же өзгөчөлүктөрдүн ж-а белгилердин жалпылыгын пайда кылат. Мындай система түрдүү өлкөлөрдө дайыма түрдүү мезгилди ж-а тилдерди камтыйт. Анткени ал өлкөнүн тарыхын ж-а анда жашаган элдердин тилин чагылдырат. Айрым Географиялык аталыштар заманга жараша бир нече жолу кайталанат. Мисалы, совет мезгилинде көптөгөн айыл, кыштак, колхоз, совхоздор Комсомол, Октябрь, Ленин, Биринчи Май деп аталган. Түрдүү тилде түрдүүчө аталып, бирок мааниси бир аталыштар да бар; мисалы, орустун – Новгород, италяндын – Неаполь, тажиктин – Новабад, англистин – Ньюкасл, өзбектин – Янги Шахар ж. б. «жаӊы шаар» маанисин берет. Географиялык аталыштардан айрыкча гидронимдер – көл, дарыя, океан ж. б.; оронимдер – тоо, тоо кырка, чоку, дөбө; ойконимдер – калк отурукташкан жерлердин аттары ж. б. туруктуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Ошондой эле микротопонимдер да өзүнчө бөлүнөт; мисалы, коо-колот, чабыт, кудук, жайыт, булак, босого, айлампа ж. б. анча чоӊ эмес географиялык объектилердин аталыштары. Географиялык аталыштардын бул тобу курамы боюнча ар түрдүү келет, бирок, жергиликтүү элге гана белгилүү болот. Айрым топонимдер жеӊил чечмеленип, мааниси айкын болсо, кээ бирлеринин этимологиясы татаал, алардын маанисин чечмелөө кыйла түйшүктү пайда кылат. Айрымдарын ар кандай себептерден улам чечмелөө мүмкүн болбой, табышмак бойдон калат. Географиялык аталыштар негизинен элдин чыгармачылыгы болуп саналат. Алар географиялык шарттарды, тарыхты, экономиканы, саясатты, тилдерди, маданиятты ж-а цивилизацияны айкындайт. Практикада Географиялык аталыштардын туруктуулугунун, тилден тилге өтүү принциптеринин мааниси зор. Топонимдерди системалык түрдө изилдөө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 20-кылымдын экинчи жарымынан башталган. Кыргызстандын жер-суу аттарын изилдөөдө С. Өмүрзаков, Э. М. Мурзаев, Д. Исаев, К. Конкобаев, Ш. Жапаров ж. б. зор салым кошкон. Географиялык аталыштарды топонимика илими изилдейт.
Ад.: Жучкевич В. А. Общая топонимика. 2-изд. Минск, 1968; Мурзаев Э. М. Происхождение географических названий // Советская география. Итоги и задачи. М., 1960; ошол эле. Словарь народных географических терминов. М., 1984; Никонов В. А. Введение в топонимику. М., 1965; Поспелов Е. М. Топонимика и картография. М., 1971; Умурзаков С. У., Кешикбаев А. А., Махрина Л. И. и др. Словарь географических названий Кыргызской ССР. Ф., 1988; Исаев Д. Жерсуу аттарынын сыры. Ф., 1977; Конкобаев К. Топонимия Южной Киргизии. Ф., 1980; Бараталиев Ө., Дүйшөнакунов М., Мамбетжунушев Т. Кыргызстандын жер-суу аталыштарынын сөздүгү. Б., 2004.
Ө. Бараталиев.