ГЕОГРАФИЯЛЫК АЧЫЛЫШТАР
ГЕОГРАФИЯЛЫК АЧЫЛЫШТАР – географиялык жаӊы объектини же георграфиялык закон ченемди табуу. Географиянын алгачкы калыптануу мезгилинде мурда (негизинен европалыктар үчүн) белгисиз аймак деп аталган географиялык объектилер, өлкөлөр, региондор басымдуулук кылган. Аймактык ачылуулар, жаӊы аймактарды басып алуу, экономикаалык ж-а аскердик эрегиштик, колониялык империянын пайда болушу байыркы дүйнөнүн ж-а алгачкы орто кылымдын элдеринин географиялык кругозору кыйла кеӊейишине түрткү болгон. Географиялык ачылыштар жер бетинин картасын (алгачкы адам тарткан сүрөттөн азыркы карталарга чейин) түзүүгө өбөлгө болгон. Жер шары жөнүндөгү жалпы географиялык түшүнүктүн калыптануу чеги Васко да Гаманын экспедициясынан ж-а Ф. Магеллан ж. б-дын дүйнөнү айланып чыккан саякаттарынан, 15-кылымдын аягы –16-кылымдын башталышында географиялык улуу ачылыштардан кийин башталган. 18-кылымдагы–19-кылымдын башталышындагы эӊ ири экспедициялар (Ж. Куктун, Л. А. де Бугенвилдин дүйнөнү айланып чыккан саякаттары, Ж. Ф. Лаперузанын, Ж. Дюмон-Дюрвилдин ж. б-дын экспедициялары) атайын (соода, промыселдик, транспорттук, аскердик максатты гана аткарбастан), ошондой эле илимий изилдөө иштерин да жүргүзүшкөн. Россияда 18-кылымдагы илимий ири саякат – 2-Камчатка (Улуу Түндүк) экспедициясы болгон. Аймакты ачуунун белгилү бир деӊгээлдеги аналогу – ошондой эле 20-кылымда деӊиз ж-а океан тамандарын картага түшүрүүдөгү ачылуулар болгон. 20-кылымдын орто ченинде аймакты ачуу дээрлик аяктаган (кургактыктын ж-а дүйнөлүк океандын таманынын айрым бөлүктөрүнөн башкасы); кургактыктын зор бөлүгүн текши топографиялык сүрөткө түшүрүүнүн натыйжасында ири масштабдуу топографиялык карталар түзүлгөн. Географиялык илимдерге таандык болгон закон ченемдерди ачыш алардын ар биринин изилдөө объектилерине байланыштуу, к. География.
Географиянын тарыхындагы өтө маанилү аймактык ачылуулар
(кашаанын ичинде экспедиция уюштурган өлкө ж-а экспедициясынын жетекчиси же катышуучулар). Б. з. ч. 6-кылым. Карфагенден Жер ортолук деӊиз, Батыш Африканы бойлоп, Атлантика океаны боюнча (Карфаген; Ганнон) саякат. Б. з. ч. 4-к Массалиядан Гибралтар кысыгы аркылуу Түндүк Атлантикага саякат (Грекия; Пифей). Б. з. ч. 330–325. Иран тайпак тоолору аркылуу Орто Азияга ж-а Индияга жортуул (Македония; Александр. Б. з. ч. 138–126. Кытайдан Тарим дарыясынын алабына ж-а Орто Азияга саякат (Кытай; Чжан Цянь). 10-кылым. Нормандардын Гренландияга ж-а Түндүк Америкага саякаттары (Норвегия; Бьярни Херюльфсон ж. б.). 1271–95. Жер Ортолук деӊиз, Кавказ, Памир аркылуу Чыгыш Кытайга саякат (Италия; Марко Поло). 1325–52. Батыш, Түндүк ж-а Чыгыш Африка, Арабия, Волга бою, Орто Азия, Индия ж-а Кытайга саякат (Марокко; Ибн-Баттута). 1492–1503. Атлантика океанынан өтүп, Вест-Индия аралын, Борбордук Американы (Америка материгин) ачуу (Испания; Х. Колумб). 1497–98. Африканы айланып, Европадан Индияга океан аркылуу 1-жолу жетүү (Португалия; Васко да Гама). 1498–1502. Түштүк Америкага саякат (Испания, Португалия; Америго Веспуччи). 1519–22. Жер шарын 1-айланып чыгуу деӊиз саякаты (Испания; Ф. Магеллан, С. Элькано). 1733–43. Экинчи Камчаткалык (Улуу Түндүк) экспедиция. Бир нече ири (академиялык ж-а деӊиздик) отряддардан турган (Россия). Академиялык отряддар Түштүк, Батыш ж-а Чыгыш Сибирди (Г. Миллер, И. Гмелин), Камчатканы (1737–41-жылдар, С. Крашенинников) изилдеген; деӊиздик отряддар Евразия материгинин түндүк жээктерин ж-а аларга жакын райондорду (Архангельскиден Колыма дарыясынын чатына чейин), Анадырь дарыясынын алабын изилдеп, картага түшүргөн (1734–42, С. Малыгин, Д. Овцын, В. Прончищев, Х. ж-а Д. Лаптевдер, С. Челюскин ж. б.); 1741-жыл, Түндүк Американын түндүк-батыш жээктерин ж-а Тынч океандын түндүгүндөгү бир катар аралдарды ачуу (В. Беринг, А. Чириков). 1768–79. Жер шарын үч жолу айланып чыгуу деӊиз саякаты, илимий-изилдөөлөр, бир катар аралдарды, кысыктарды ж. б. ачуу, картага түшүрүү (Улуу Британия; Ж. Кук). 1799–1804. Түштүк Американын түндүк бөлүгүн, Мексика тоолорун изилдөө (Германия, Франция; А. Гумбольдт, Э. Бонплан). 1849–56, 1858–64, 1866–73. Түштүк-Чыгыш Африканы (Замбези дарыясынн, Улуу Африка көлдөрүн, Чыгыш Африканын жээктерин) ж. б. изилдөө (Улуу Британия; Д. Ливингстон). 1870–85. Борбордук Азиялык төрт жолку экспедиция. Монголия, Кытай, Тибетти, Таримдин алабын ж-а Жуӊгариянын тоолорун, чөлдөрүн изилдөө, картага түшүрүү, жаратылышын, калкын мүнөздөө (Россия; Н. Пржевальский). 1893–96. Түндүк Муз океаны боюнча экспедициялык кеменин 1-жолу калкып (дрейф) жүрүп, изилдөөлөрдү жүргүзүшү. Борбордук Арктиканын тереӊ деӊиз алабы экенин аныктоо (Норвегия; Ф. Нансен). 1909. Түндүк уюлга жетүү (АКШ; Р. Пири). 1911–12. Түштүк уюлга жетүү (1911: Норвегия, Р. Амундсен; 1911–12: Улуу Британия, Р. Скотт). 1950–70. Дүйнөлүк океанды эл аралык илимий программа боюнча системалуу изилдөө (СССР, АКШ ж. б. өлкөлөр). 1957–58. Эл аралык географиялык жыл. Бирдиктүү илимий программа м-н Арктика, Антарктида, дүйнөлүк океан ж. б-ды комплекстүү изилдөө, маанилүү Географиялык ачылыштарды (СССР, АКШ ж. б. өлкөлөр) жасоо. 1965–74. Антарктиданы эл аралык экспедициялар тарабынан үзгүлтүксүз комплекстүү изилдөө.
Ад.: Бейкер Дж. История географических открытий и исследований / Пер. с англ. М., 1950; Хенниг Р. Неведомые земли / Пер. с нем. Т. 1–4. М., 1961–63; Магидович И. П. Очерки по истории географических открытий. М., 1967.