ГЕОГРАФИЯЛЫК КАБЫК
ГЕОГРАФИЯЛЫК КАБЫК – генезистик ж-а функциялык бүтүндүккө ээ болгон жердин кабыгы. Ага атмосферанын төмөнкү бөлүгү – тропосфера, литосферанын эӊ үстүнкү чөкмө тоо тектүү катмары, бүт гидросфера ж-а биосфера кирет. Географиялык кабыктын курамдык бөлүгүн (компоненттерин) тропосферанын аба массалары, океан ж-а кургактык суулары, жер бетинин рельефи, ар түрдүү тоо тек комплекстери, топурак кыртышы м-н организмдер тобу түзөт. Географиялык кабык Жердин башка бөлүктөрүнөн заттык курамынын ж-а түзүлүшүнүн өзгөчө татаалдыгы, тиричиликтин болушу, эркин энергия булактарынын көптүгү, ошондой эле дээрлик өзгөрүгө алып келген антропогендик таасирлери м-н айырмаланат. Ушул себептерге байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдөн тышкары Географиялык кабыктын курамына социосфера, техносфера ж-а ноосфера кирет. Географиялык кабыкта гана зат бир эле мезгилде үч агрегаттык (катуу, суюк, газ) абалда болот. Географиялык кабыкта болуп жаткан процесстердин негизги булагы Күн энергиясы, Жердин ички жылуулугу ж-а гравитациялык энергия саналат. Географиялык кабыкта Күн радиациясынын көбү сиӊип, ал энергиянын жардамы м-н көптөгөн табигый процесстер (абанын которулуусу, суунун айланышы, тиричилик ж. б.) жүрөт. Алар Жердин ички энергиясы пайда кылган процесстер (тектоникалык кыймылдар, вулканизм ж. б.) м-н өз ара татаал аракетте болот. Географиялык кабыкта гана чөкмө тоо тек, топурак кыртышы пайда болуп, тиричилик жаралып, ал өтө ар түрдүү формада өөрчүйт. Тиричиликтин өнүгүүсү м-н анын башка компоненттерге тийгизген таасиринин натыйжасында Географиялык кабык азыркы биосферага айланган. Географиялык кабыкта гана адамзат коому калыптанып, Географиялык кабыктын табигый ресурстарынын негизинде өндүрүштүк иш-аракеттер болууда. Натыйжада Географиялык кабык адамзаттын географиялык жашоо чөйрөсүнө айланды. Географиялык кабык — заттык курамы ар түрдүү, түзүлүшү өтө татаал болгондугуна карабастан, бирдиктүү материалдык система. Ал бирдиктүүлүк ички өз ара байланыштар, тынымсыз зат ж-а энергия алмашуунун негизинде болот. Географиялык кабыктын айрым бир бөлүгү, мисалы, климаты же рельефи өзгөрсө, калган бөлүктөрү да сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Андай өзгөрүүлөр олуттуу же азыраак деӊгээлде, тез арада же кыйла убакытта болушу мүмкүн. Географиялык кабык өзгөчө адам коомунун иш аракетинин натыйжасында кыска убакыттын ичинде эле олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ал өзгөрүүлөр көбүнчө жаныбарлар м-н өсүмдүк дүйнөсүндө, топурак кыртышында, табигый суулары м-н абанын булгануусунан даана байкалууда. Адамзат энергия алуу максатында отунду (нефть, газ, көмүр) көп колдонгондугунун натыйжасында глобалдык масштабда климаттын жылууланышы байкалууда. Бул табияттын башка компоненттерине өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Географиялык кабык бүткүл адамзаттын мекени болгондуктан, анын табиятка аяр мамиле кылуу талап кылынат, ал үчүн Географиялык кабыктын табиятын бирдиктүү система катары тереӊ изилдеп билүү зарыл. Айрым окумуштуулар (К. К. Марков, А. М. Рябчиков) Географиялык кабыктын жогорку чегине бүткүл жер кыртышынын стратосферанын озон катмарына ж-а төмөнкү чегине жер кыртышынын таманына (Мохоровичич чеги) чейинки бөлүгүн да кийирет. Бирок, бул толугу м-н далилденген эмес, анткени стратосферадагы процесстер (мисалы, аба агымдары) космостук, ал эми жер кыртышынын төмөнкү бөлүгүндөгү өзгөчөлүктөр Жердин тереӊдигиндеги процесстердин таасиринен пайда болот. Географиялык кабык – абанын, суунун, тоо тектердин, организмдердин өз ара аракеттеринин натыйжасы, ошол өз ара аракеттен пайда болгон жаӊы касиет (мисалы, биологиялык продукция). Географиялык кабыкты изилдөөдө негизги көӊүл табият компоненттеринин өз ара аракеттерине, байланыштарына бурулат. Географиялык кабыктын синонимдери – ландшафттык кабык, биогеосфера, эпигенема, эпигеосфера. Географиялык кабык түшүнүгүн орус физикалык географы А. А. Григорьев 1932-жылы сунуштаган.
Ад.: Калесник С. В. Основы общего землеведения. М., 1955; его же: Общие географические закономерности Земли. М., 1971; Географический энциклопедический словарь. М., 1988; Фишер Д. Рождение Земли. М., 1990; Озима М. История Земли. М., 1983.
Т. Кулматов.