ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕСС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕ́СС – географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914–18) түрдүү өлкөлөрдүн географиялык коомдору, ал эми 1920-жылдан эл аралык географиялык союз ж-а географтардын улуттук комитеттери тарабынан (1952-жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы Географиялык конгресс Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар м-н өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) ж. б.
Географиялык конгресстин негизги милдети – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүү ж-а географиялык негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Географиялык конгресстин программасында географиянын түрдүү тармактары боюнча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар боюнча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Географиялык конгресстин программасына, ошондой эле Эл аралык географиялык союздун комиссияларынын ж-а жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын илимий-популярдуу лекциялары окулат. Географиялык конгресс учурунда уюштуруу маселелери боюнча Эл аралык географиялык союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, географиялык адабияттар м-н карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын ж-а чарбасынын өзгөчөлүктөрү м-н таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Географиялык конгресс болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн географиялык өнүгүү деӊгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар ж-а макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги м-н) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, ошондой эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Географиялык конгресстердин аралыгында региондук географиялык конференциялар өткөрүлөт.


Н. Алымкулова.