ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР
ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР – жер бетиндеги чекиттердин ордун аныктоочу чоӊдуктар. Алар берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы (кеӊдик), ошондой эле чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин аралыгындагы (узундук) бурч м-н өлчөнөт. Кеӊдик м-н узундук бурчтарды өлчөөчү аспаптар (универсалдык аспап, секстант ж. б.) м-н асман телолорун (Күн, жылдыз, Ай ж. б.)

байкоо ж-а астрономиялык байкоодон алынган жергиликтүү убакытты дүйнөлүк убакыт м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Аныкталган Географиялык координаталар жер бетинин чекитинин астрономиялык координаталары деп аталат. Кеӊдик экватордун эки жагына 0°тан 90°ка чейин Түндүк жарым шарда оӊ, Түштүк жарым шарда терс деп эсептелинет. Узундук меридиан башталышынан 0°тан 360°ка чейин чыгышка (чыгыш узундук) же батышка (батыш узундук) карай саналат. Ошондой эле, баштапкы меридиандан 0°тан 180°ка чейин чыгышка ж-а батышка карай эсептөө системасы да колдонулат. Эл аралык келишим боюнча («биринчи», «нөлдүк») меридиан башталышы катары Гринвич (Лондон) обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан (Хёрстмонсо сепилине которулгуча) кабыл алынган. Мурда меридиан башталышы катары Иерро (Канар аралындагы), Париж, Берлин ж-а Пулков обсерваторияларынын меридиандары колдонулуп келген. Кыргызстандын Географиялык координаталары болжол м-н 39–43° түндүк кеӊдикте ж-а 70–80° чыгыш узундукта орун алган.
У. Мукамбетов