ГЕОДЕЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕ́ЗИЯ (гео... ж-а гр. daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу ж-а анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы Геодезия – жогорку Геодезия, космостук Геодезия, астрономиялык Геодезия, топограф., инженердик ж-а деӊиздик Геодезия болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у Геодезия негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын ж-а анын гравитациялык талаасын, ошондой эле Геодезия тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын ж-а теорияларын изилдейт. Ко с м о с т у к Геодезия негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин ж-а алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт ж-а геодезиялык спутниктердин, ошондой эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы м-н жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к Геодезия Жер бетинин геод. пунктарынын торчолорун түзүү м-н бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрономиялык координаталардын ж-а багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле Геодезия) план ж-а карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын ж-а техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу Геодезиянын бөлүгү топография деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н

жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. Аэросъёмка) аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын топографиялык карталары түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу Геодезия жумуштардын ыкмаларын Геодезиянын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) Геодезия иштеп чыгат. Д е ӊ и з Геодезиясы дүйнөлүк океанда геодезия иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектоникалык түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инженердик иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы Геодезиялык ж-а атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.
Геодезия байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-кылымда Вавилония м-н Ассирияда чопо такталарга сызылган географиялык карталар жасалган. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Жер шар сымал экендиги жөнүндө болжоолор айтылган. Б. з. ч. 3-кылымда Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Геодезия ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан Геодезиялык жумуштар 17-кылымдан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция ыкмасы Геодезиянын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-кылымда И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган сфероид же эллипсоид түрүндө экенин далилдеген. Россияда Геодезия жумуштары 11- кылымда башталган. 1701-жылы Москвада Россиядагы алгачкы астрономиялык обсерватория ж-а математиктер, астрономдор м-н географтарды даярдоочу математикалык ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башталышында жүргүзүлгөн. 19-кылымда В. Я. Струве ж-а геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 кмге чейинки (Түндүк Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада Геодезиянын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Геодезиялык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Б. з. ч. 4-кылымда «Геодезия» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Геодезиянын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбасында колдонулат.


Ад.: Хаимов З. С. Основы высшей геодезии. М., 1984; Крылов В. И. Космическая геодезия. М., 2002; Кузнецов П. Н. Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.