ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР , г е о д е з и я л ы к п р и б о р л о р – чекиттердин жер бетиндеги ордун аныктоодо, аралыкты, бурчту ж-а бийиктиктердин айырмасын ченөөдө же чекиттердин

GPS эки жыштыктуу кабыл алгычы.

координаталарын түзү жолу м-н алардын жер бетиндеги анык абалын аныктоодо пайдаланылуучу аспаптар. Геодезиялык аспаптарга аралык өлчөгүч (өлчөө тасмасы, байыр аспаптары ж. б.), бурч өлчөгүч (буссоль, теодолит ж. б.), бийиктик өлчөгүч (нивелирлер), графикалык сүрөттөө жүргүзүчү аспаптар (мензула, кипрегель м-н), астрономиялык ж-а маркшейдерлик аспаптар кирет. Аралык өлчөөдө узундугу 20 же 50 м болот тасма, триангуляцияда ж-а полигонометрияда узундугу 24, 48 ж-а 72 м келген инвар зымы же тасмасы бар асма байыр приборлору колдонулат. Жер бетинин бурчу экердин жардамы м-н түзүлөт. Теодолит-тахеометр – горизонталь ж-а тик бурчту аныктоочу аспап. Мамлекеттик триангуляциялык тармактардын ж. б. таяныч чекиттердин географиялык

Нивелир (1952).

координаталарын аныктоочу аспаптар да (стационардык астрономиялык аспаптар) Геодезиялык аспаптардын тобуна кирет. Чекиттин географиялык кеӊдигин, узундугун ж-а жер бетиндеги нерсенин азимутун аныктоочу универсал аспап – астрономиялык пункттарды аныктоодогу негизги аспап. Жер бетинин ой-чуӊкур, түздүгүн (бийиктигин) аныктоо үчүн геодезиялык нивелир ж-а рейка колдонулат. Мензула ж-а кипергель графикалык жол м-н топографиялык сүрөттөө жүргүзүүдө пайдаланылат. План түзүү үчүн транспортир, координаталык торду түзүүчү Дробышев сызгычы, өлчөгүчтөр ж. б. жардамчы аспаптар колдонулат. Пландын аянты планиметр м-н өлчөнөт.


Ад.: Васютинский И. Ю., Рязанцев Г. Е., Ямбаев Х. К. Геодезические приборы при строительно-монтажных работах. М., 1982; Спиридонов А. И., Кулагин Ю. Н., Крюков Г. С. Справочник-каталог геодезических приборов. М., 1984.