ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК – жер бетинде атайы геодезиялык белгилер түрүндө орнотулган чекиттердин (пункттардын) системасы. Геодезиялык пункттардын географиялык өз ара жайгашуу абалы план ж-а бийиктик боюнча геодезиялык ченөөлөрдүн натыйжасында аныкталып, өтө керек маалыматтар катары дайыма такталып турат. Тактоодо Жердин жасалма спутниктеринен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары да пайдаланылат. Геодезиялык тармак топографиялык карталарды түзүүдө алардын негизи ж-а белгилүү бир жерге дал байланыштыруу муктаждыгындагы инженердик изилдөө ж-а курулуш тургузуу жумуштарынын башкы таяныч пункттары болуп эсептелет.