ГЕОДИНАМИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДИНА́МИКА (гео... ж-а гр. dynamis – күч) – Жер кыртышындагы, мантиясындагы ж-а ядросундагы (массанын тереӊдиктеги ж-а үстүӊкү кыймылын пайда кылуучу) процесстерди ж-а күчтөрдү изилдеген илим; геологиянын бир тармагы. Геодинамика – эндогендик процесстерди (жер түпкүрүндөгү геологиялык процесстер) ж-а экзогендик процесстерди (жердин үстүнкү катмарындагы геологиялык кубулуштарды) иликтейт. Геодинамикалык изилдөөдө магнитометриялык, сейсмометриялык, гравиметриялык ж. б. маалыматтар, ошондой эле геологиялык моделдештирүү, геохимиялык мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Геодинамикалык изилдөөлөрдүн негизин литосфера плиталарынын тектоникасы түзөт. Сызыксыз Геодинамика жер түпкүрүндө болуучу мезгилсиз, баш аламан ж. б. импульстук процесстерге байланыштуу, ошондой эле күтүүсүз факторлордун (кометалардын кыймылы, метеориттердин түшүүсү ж. б.) таасиринен пайда болгон процесстерди ж-а кубулуштарды да изилдейт.


Ад.: Добрецов Н. Л., Кирдяшкин А. Г., Кирдяшкин А. А. Глубинная геодинамика. 2-е изд. Новосиб. 2001; Хаин В. Е., Ломизе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.