ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ
ГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ, г е о л о г и я л ы к с ъ ё м к а – геологиялык карталарды түзүү ж-а кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геологиялык изилдөө жумуштары. Геологиялык карта түзүүдө кезеги м-н төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде д а я р д ы к к ө р ү ү – мурдагы геологиялык маалыматтар м-н таанышуу ж-а керек материалдарды (топографиялык карта, аэрофотосүрөт ж. б.) даярдоо; т а л а а ж у м у ш т а р ы – жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы м-н түзүлүшү, калыӊдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топографиялык картага түшүрүү, аны м-н бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын ж-а ташка айланган байыркы жандык м-н өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу – талаада чогултулган геологиялык материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабораториялык ар түрдүү анализден өткөрүү, геологиялык картаны толуктап, анын тиркемелерин ж-а кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геологиялык изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Геологиялык карта түзүү масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000–1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000–1:25 000) ж-а дыкат болуп бөлүнөт. Геологиялык карта түзүүдө геофизика, геохимия, геоморфология илимдеринин ыкмалары ж-а бургулоо жумуштары, ошондой эле лабораториялык анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеӊири колдонулат.