ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЛОГИЯЛЫК СИСТЕ́МА – бир геологиялык мезгилдин ичинде пайда болгон тоо тек катмарлары; жалпы стратиграфиялык шкаланын экинчи катардагы бирдиги. Ал ташка айланган жандыктардын (фауна) тукум же уруулары, өсүмдүктөрдүн (флора) уруу же түрлөрүнүн бүт таралышы м-н мүнөздөлөт. Геологиялык система геологиялык бөлүмгө (2 же 3) ж-а геологиялык ярустарга бөлүнүп, бир нече Геологиялык система бир геологиялык топко бириктирилет. Геологиялык системанын аттары ж-а алардын көлөмдөрү 1881-жылы Эл аралык геологиялык конгресстин 2-сессиясында кабыл алынып, кийин толукталган. Азыр кембрий, ордовик, силур, девон, таш көмүр (карбон), пермь, триас, юра, бор, палеоген, неоген, антропоген сыяктуу Геологиялык системалар бар.