ГЕОМАГНЕТИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕОМАГНЕТИ́ЗМ, ж е р м а г н е т и з м и – геофизиканын Жердин магнит талаасынын мейкиндикте таралышын ж-а мезгилге карай өзгөрүшүн, ошондой эле Жердеги ж-а анын магнит сферасындагы геофизикалык процесстерди изилдөөчү тармагы. Жердин магнит талаасы мейкиндиктин ар бир чекитинде багыты ж-а чоӊдугу х, у, z үч түзүүчүсү болгон Т чыӊалыш вектору же жер магнетизминин үч элементи горизонталь түзүүчүсү Н, магниттик эӊкейиши Д (горизонталь түзүүчү м-н географиялык меридиандын ортосундагы бурч) ж-а магниттик кыйшаюу J (вектор м-н горизонталь тегиздиктин арасындагы бурч) аркылуу мүнөздөлөт.