ГЕОМОРФОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМОРФОЛО́ГИЯ (гео... ж-а морфология) – жер бетинин тарыхый жол м-н калыптанган рельефин, ошондой эле Ай бетинин ж-а Күн системасына кирген айрым планеталардын бетинин рельефин изилдеген илим. Ал география ж-а геология илимдердин курамына кирет. Геоморфология кургактыктын ж-а деӊиз таманынын рельефинин сырткы турпатын (морфография, морфометрия), рельефтин тигил же бул формаларынын пайда болуусун, жашын, түзүлүү, өнүгүү ж-а таралуу өзгөчөлүктөрүн; эндогендик ж-а экзогендик процесстердин (генезистик Геоморфология) таасирин; ошондой эле рельефтин түзүлүшүнө антропогендик факторлордун таасирин изилдейт. Геоморфологиянын негизги ыкмалары: талаа шартында экспедициялык изилдөө ж-а Геоморфологиялык съёмка (жалпы ж-а атайын Геоморфологиялык карталарды түзүүгө негиз болгон), Геоморфологиялык процесстерди изилдөө үчүн стационардык ж-а эксперименттик изилдөөлөр; рельефти аэрофотосъёмка ж-а космостук съёмка м-н изилдөө; океан, деӊиз тамандарын эхолот м-н изилдөө; математикалык анализ ж. б. Геоморфология жалпы (рельеф пайда кылуучу бардык комплексти камтыган), жекече (конкреттүү маселени чечүү үчүн бир же бир нече көрсөткүч боюнча рельефти изилдөө), региондук (жердин тигил же бул регионунун рельефин изилдөөчү) болуп бөлүнөт. Геоморфологиянын структуралык Геоморфология, климаттык Геоморфология, деӊиз Геоморфологиясы, динамикалык Геоморфология, колдонмо Геоморфология (инженердик, чалгындоо), ошондой эле палеогеоморфология тармактары бар. Геоморфология гляциология, төртүнчүлүк доор геологиясы, тектоника (неотектоника), вулканология, спелеология, карст таануу ж. б. м-н тыгыз байланышта. Геоморфологиялык маалыматтар кен издөөдө, жолдорду ж-а курулуштарды долбоорлоодо, эрозия, дефляция, көчкү, сел, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар м-н күрөшүү ыкмаларын иликтөөдө колдонулат. Геоморфология өзүнчө илим катары 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында эки Геоморфологиялык мектеп (америкалык ж-а европалык) калыптанган. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк м-н В. Пенк ж. б. У. Дейвистин географиялык цикл жөнүндөгү окуусу, В. Пенктин «Капталдардын морфологиялык анализи» Геоморфологияда жаӊы багыт ачты. Ал эми П. П. Семёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, И. С. Щукин, Я. С. Эдельштейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор Геоморфологияга чоӊ салым кошту. Кыргызстанда Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү тууралуу бай материал топтолуп, анализге алынды.


Ад.: Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; Панов Д. Г. Общая геоморфология. М., 1966; Удинцев Г. Б. Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; Лукашов А. А. Рельеф планетных тел. Введение в сравнительную геоморфологию. М., 1996; Рычагов Г. И. Общая геоморфология. М., 2006.
Э. Султаналиев.