ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК – кандайдыр бир геоморфологиялык объектиге байланыштуу пайда болгон коркунуч, апаат ж. б. кырсык. Ага рельефттин өзгөчө формалары ж-а элементтери, мисалы, салаӊдаган аскалар ж-а жарлар, этеги табигый же атайын кесилүүгө дуушарланган туруксуз капталдар ж. б. кирет. Айрыкча бүгүнкү тоо тек массаларын кайра оошуусуна алып келип, жер бетинин түзүлүшүн өзгөрүүгө дуушарланткан рельеф пайда кылуучу азыркы таасири зор процесстердин (көчкү, жеркөчкү, сел, карсттык ж-а сейсм-тектоникалык туӊгуюктар, шамал эрозиясы, аккумуляция ж. б.) натыйжасында адамдарга ж-а коомдун чарбалык иштерине зыян келтирген кризистик абал, кырсык же болбосо апаат жаралышы мүмкүн.
Д. Караева.