ГЕОСФЕРАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОСФЕРАЛАР (гео.. ж-а сфера) – Жердин агрегаттык абалы, физикалык касиеттери ж-а химиялык курамы боюнча айырмаланган, борборлошкон, бүтүн же үзгүлтүктүү катмарлары (кабыктары). Жердин четинен борборун көздөй магнитосфера, атмосфера, гидросфера, литосфера, мантия ж-а Жердин борбордук бөлүгү – ядро бөлүнөт. Мындан тышкары Геосфераларга жер бетинде тиричиликти жайылткан ж-а атмосферанын төмөнкү, литосферанын жогорку бөлүгүн, бүт гидросфераны камтыган биосфера, ошондой эле спецификалык түрдө географиялык
кабык кирет, к. Жер.
Ы. Токторова.