ГЕОТЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕ́РМИЯ (гео… ж-а гр. thtrme – жылуулук) – геофизика илиминин Жердин ички жылуулук абалын ж-а жылуулук тарыхын изилдөөчү тармагы. Күн нурунун жылуулугу жер кыртышынын үстүнкү катмарына гана өтөт. Бирок, улам тереӊдеген сайын температура ар бир 100 мде 3°ка көтөрүлөт. Бул жер астында жылуулук булагы бар экенин айгинелейт. Түрдүү байкоолор боюнча Жердин борборунун темппературасы 2000–5000°Сден ашпайт. Улам тереӊдеген сайын температура көтөрүлүп, ошол себептүү Жердин тереӊ катмарларынан өйдө багытталган жылуулук агымы пайда болот. Ал агымдын көлөмү температуранын градиент м-н тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгүнө түз пропорциялаш болуп, жылына жер бетинин ар бир см2де 30–60 ккал жылуулук топтолот. Бул Жердин Күндөн алган жылуулугунан 4 миӊ эсе аз. Ошондуктан жер астынан келген жылуулук климатка таасир этпейт. Жердин жылуулугун ченөө үчүн сымап ж-а электр термометрлери колдонулуп, алар көзөнөкчөнүн ичине коюлат. Тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгү өтө төмөн, ошон үчүн жер астындагы жылуулукту энергия булагы катары пайдалануу кыйынга турат. Геотермиялык изилдөөлөрдүн геофизиканын теориялык маселелерин чечүүдө чоӊ мааниси бар (мисалы, тектоникалык гипотезаларды түзүүдө ж-а баамдоодо).


Ад.: Любимова Е. А. Термика Земли и Луны. М., 1968; Теркот Д., Шуберт Ж. Геодинамика: геологические приложения физики сплошных сред. В 2 ч. М., 1983; Хуторской М. Д. Введение в геотермию. М., 1996.