ГЕОТЕРМИЯЛЫК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕРМИЯЛЫК ЭЛЕ́КТР СТА́НЦИЯ — жер астындагы ысык булактардын жылуулук энергиясын электр энергиясына айландыруучу ж-а жылуулук м-н камсыз кылууга пайдалануучу курулуштар м-н жабдуулар комплекси. Геотермиялык электр станциясына генераторлор, буу турбиналары жайгашкан машина залы, турбиналардын конденсаторлорун муздатып туруучу суу жабдуусунун техникалык системалары, жер астындагы буу м-н сууну тышка чыгаруучу бургулоо көзөнөктөрү ж-а жогорку вольттуу электр-техникалык жабдуулар кирет. Жер астындагы ысык суу м-н буунун аралашмасы сепараторго (ысык сууну буудан бөлүүчү аппарат) алып келинет. Мындан бөлүнүп чыккан буу генераторду айландыруучу турбинага жиберилип, ысык суу жылуулук м-н жабдуу системасына жөнөтүлөт. Жер астындагы суунун темппературасы 200°Сна чейин жетип, айрымдары андан да жогору болот. Ошондуктан мында атайын бургулоо жабдуулары колдонулуп, көзөнөктүн өзөгү муздак ылай м-н суутулуп турат. Геотермиялык электр станциясын курууда дат баспас металлдар — аллюминий, анын куймалары ж-а жер титирөөгө туруктуу констрлар пайдаланылат.