ГЕОХРОНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОХРОНОЛО́ГИЯ (гео... ж-а хронология), г е о л о г и я л ы к ж а ш э с е б и – жер кыртышын түзүүчү тоо тектердин пайда болушу боюнча алардын ырааты ж-а жашы тууралуу илим. Ал салыштырма Геохронология ж-а изотоптук же абсолюттук Геохронология деп экиге бөлүнөт.
Салыштырмалуу Геохронологияда тоо тектердин кайсынысы мурда, кайсынысы кийин пайда болгону бири-бири м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Чөкмө ж-а пироклас тоо тектери м-н лава (жанар тоотеги) катмарларынын салыштырмалуу жашын аныктоодо алгачкы жайгашуусу бузулбаган тоо тектердин ар бир үстүнкү катмары астынкысынан жашыраак деген катмарлануу эрежеси колдонулат. Интрузия ж-а катмарсыз тоо тектердин салыштырмалуу жашы, алар тоо тектердин кандай катмарларын жиреп чыгып, кандайы м-н басырылып (жабылып) калышын аныктоо аркылуу ажыратылат. Белгилүү бир аймактын геологиялык кесилишин кабаттарга ажыратуу, башкача айтканда катмарлануу иретин (кайсынысы мурда, кайсынысы кийин) табуу анын стратиграфиясын түзөт. Бири биринен алыс жайгашкан аймактардын (район, өлкө, материк) стратиграфиясын салыштырууда бирдей же ага жакын геологиялык жаштагы катмарларды табуу үчүн чөкмө тоо тектердин арасындагы байыркы организмдер м-н өсүмдүктөрдүн ташка айланган калдыктарын изилдөөгө негизделген п а л е о н т о л о г и я л ы к ы к м а колдонулат. Жердин геологиялык тарыхында өзүнө тиешелүү жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн топтору


Таблица бар
Геохронологиялык шкала (2000) (Россияда кабыл алынганы), млн жыл)

(комплекси) тиричилик жүргүзгөн бир нече этаптар болгондугу аныкталган. Ошонун негизинде бирдей же бири бирине өтө окшош фауна м-н флора калдыктары бар чөкмө катмарлар бир мезгилде жаралган деп болжолдоого болот. Мындай палеонтологиялык ыкманы алгачкы ирет 19-кылымдын башында Англияда У. Смит, Францияда Ж. Кювье колдонгон. Геологдордун изилдөөлөрүнүн натыйжасында жер кыртышындагы тоо тек катмарынын пайда болуу ырааттуулугу аныкталып, азыркы с т р а т и г р а ф и я л ы к ш к а л а түзүлгөн. Бул шкаланын жогорку бөлүгү (фанерозой), организм калдыктары жакшы сакталып, арбын болгондуктан, палеонтологиялык ыкманын жардамы м-н шкаланын төмөнкү бөлүгүнө (кембрийге чейинки) караганда жалпысынан тагыраак ажыратылган. Төмөнкү, кембрийге чейинки бөлүгү – тоо тектердин метаморфизм даражасына ж. б. белгилерине карай архей (археозой) ж-а протерозой, ал эми анын жогорку бөлүгү палеозой, мезозой ж-а кайназой деген геологиялык т о п к о бөлүнөт. Ар бир топ с и с т е м а г а, система б ө л ү м г ө (отдел), алар я р у с (катар), с е р и я, с в и т а, п а ч к а, г о р и з о н т ж-а жеке к а б а т т а р г а ажыратылат. Бир нече топ э о н о т е м а н ы түзөт. Стратиграфиялык шкаланын негизинде тигил же бул тоо тек катмарынын пайда болуу убакытын, белгилүү тартип боюнча бөлүнүшүнүн көрсөтүүчү г е о х р о н о л о г и я л ы к ш к а л а түзүлөт. Эон, эра ж-а мезгилдердин башталышы м-н узактыгы көрсөтүлгөн. Россиянын стратиграфиялык кодексине (1992) ылайык түзүлүп, ага кошумчалар киргизилген (2000). Стратиграфиялык шкаланын ар бир бөлүгүнө Геохронологиянын белгилүү бөлүгү – топко геологиялык з а м а н (эра), системага м е з г и л, бөлүмгө д о о р (эпоха), яруска к ы л ы м, зона м-н кабаттарга у б а к ы т (фаза) туура келет. Стратиграфиялык ири бөлүк – эонотема Геохронологияда эонго туура келет. Шкаланын төмөнкү бөлүгү – кембрийге чейинки же криптозой эону, жогорку бөлүгү – фанерозой (палеозой, мезозой, кайназой) эону деп аталат. Стратиграфиялык ж-а Геохронологиялык шкалалар 1881-жылы Болоньяда өткөн Эл аралык геологиялык 2-конгрессте бекитилип, бүткүл дүйнөдө жалпы кабыл алынган. Тоо тектер пайда болгондон бери өткөн убакытты эсептөө м-н аныкталат.