ГЕПТАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕПТА́Н, СН3(СН2)5СН3 – каныккан алифаттык углеводород, бир аз жыты бар түссүз суюктук. Кайноо t 98,428°С; сууда эрибейт, спиртте, эфирде хлороформдо эрийт. 223°Сде өзүнөн-өзү жалындап күйөт. Химиялык касиети боюнча метандын н-гомологдоруна окшош, хлор м-н реакцияга киргенде негизинен 1–2 көмүртек атому м-н байланышат. Азот оксиди же HNO3 м-н нитрленет ж-а О2 м-н окистенет. Гептан нефтиден, синтезделген бензинден ж. б. алынат. Күйүүчү майлардын детонациясын аныктоодо гептан эталон катары, изомери 2,2,3-триметилпентан күйүүчү май катары колдонулат.