ГЕРЕЗ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРЕЗ МӨӉГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк тармагы – Кара-Бел тоосунун чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Сох суусунун сол куймасы – Ак-Теректин алабында. Узундугу 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5400 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4546 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Бетинде бузулган мөӊгүлөр, жаракалар ж-а омурулган муздар кездешет. «Тилинин» учу морена м-н капталган. Мөӊгүдөн Герез суусу агып чыгып, Ак-Теректин сол куймасы – Матчага куят.