ГЕРМЕТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМЕТИ́ЗМ (итал. poesia ermetica – герметикалык поэзия) – 20-кылымдын 30-жылдарында италян поэзиясындагы модернисттик багыт (Э. Монтале, Ж. Унгаретти); модернисттик поэзиянын бир көрүнүшү. Герментизм адамдын жалгызсыроодон улам дүйнөнү трагедиялуу кабылдоосун, кайгы-кусаны атайылап татаал формада чагылдырат.