ГЕТЕРОГЕН РЕАКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕТЕРОГЕ́Н РЕАКТОРУ —ядролук отуну активдүү запасынын чөйрөсүндө жайгашып, дискреттүү блоктор түрүндө колдонулуучу ядролук реактор. Азыркы бардык ядролук реакторлор гетерогендик болуп эсептелет. Гетероген реактору ар түрдүү ядрофизикалык касиетке ээ болгон бөлүктөрдөн турат. Көп учурда Гетероген реакторунда ядролук отун, акырындаткыч, жылуулук ташыгычтын ортосунда кескин чек болот. Гетероген реактору конструкциялык ж-а технологиялык жагынан гомоген реакторунан артыкчылык кылат.