ГЕТТО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́ТТО (итал. ghetto) – шаардын расалык же диний басмырлоого дуушарланган адамдарды мажбурлап кармоого арналган бөлүгү. Орто кылымда Батыш ж-а Борбордук Европа өлкөлөрүндө еврейлер шаарлардын (Прага, Франкфурт-на Майне, Рим) алар үчүн атайын бөлүнгөн бөлүгүндө жашашкан. «Гетто» түшүнүгү 16-кылымда келип чыккан. Еврейлер башкалардан обочолонуп жашашып, аларга түнкүсүн Геттонун аймагынан чыгууга тыюу салынган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер тарабынан Чыгыш Европанын бир катар шаарларында Гетто түзүлүп, алар еврей калкын кырып жок кылуучу концлагерлерге айландырылган.