ГИБРАЛТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИБРАЛТА́Р – Улуу Британиянын Пиреней жарым аралынын түштүгүндөгү ээлиги (1713-жылдан). Гибралтар кысыгында; аскалуу жарым аралды ж-а Пиреней жарым аралын аска м-н туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км2. Калкы 29,5 миӊ (2020). Расмий тили – англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деӊиз ж-а аскер-аба базаларын, транзиттик портту ж-а чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын 1/2 – нефть. Док, кампа, нефть сактагычтар, калкты ж-а горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы ж-а кеме оӊдоочу ишканалары бар. Гибралтар Кальпе деген аталыш м-н байыркы гректерге ж-а римдиктерге белгилүү болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеӊип алуучусу – Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309–33- ж-а 1462-жылдарда Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы ж-а Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- ж-а 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Гибралтарды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-жылы май айында Гибралтардын жаӊы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-жылы 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-жылы күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда теӊ укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган.