ГИБРИД ТОО ТЕКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИБРИ́Д ТОО ТЕКТЕРИ — ар түрдүү магманын аралашуусунан ж-а анын өзгөрүшүнөн пайда болгон тоо тектер. Аларда курамы ж-а түзүлүшү жагынан накта магмадан пайда болгон тоо тектерден өзгөчөлөнүп, структурасы ж-а текстурасы жагынан ар түрдүү, минералдардын парагенезиси аномалдуу, арасында башка тоо тектердин кесек бөлүктөрү (ксенолиттер) болот. Ассимиляциядан пайда болгон Гибрид тоо тектеринде кесек сыныкчалардын алгачкы белгилери такыр байкалбайт, ал эми контаминацияда (булганууда) алгачкы белгилери сакталат. Жанаша жаткан тоо тектердин талкаланышы, магмадагы учма заттардын мол болушу, магма м-н ага чектеш тоо тектердин курамы боюнча кескин айырмаланышы Гибрид тоо тектеринин пайда болушуна ыӊгайлуу шарт түзөт. Негиздүү курамдагы лава материалы гранит интрузиясына таасир тийгизсе, экөөнүн ортосунда ассимиляция процесси жүрүп, ошол интрузиянын четинен ортосуна карай габбро – габбро-диорит – диорит – кварц диорити – гранодиорит – граниттен турган Гибрид тоо тектеринин катары келип чыгат.