ГИГИЕНА
ГИГИЕ́НА (гр. hygieinоs – тазалык, дени соо) – медицинанын айлана-чөйрө м-н эмгек шартынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөчү ж-а калктын турмуш-тиричилик шартына ылайык илимий негизделген талаптарды иштеп чыгуучу тармагы. Ал – адамдын дайыма өзгөрүп туруучу турмуш-тиричилигин камтыган ар тараптуу илим. Гигиена илим катары байыртадан белгилүү болсо да, 19-кылымдын 2-жарымынан илим катары өнүгө баштаган. Анын негиз салуучулары – немец окумуштуусу М. Петтенкофер. Россияда А. П. Доброславин ж-а Ф. Ф. Эрисман эсептелет. Гигиенанын негизги милдеттери: алдын алуучу ж-а күндөлүк санитардык көзөмөлдүн илимий негиздерин иштеп чыгуу; калктуу жерлердин санитардык абалын, ошондой эле адамдын эмгек ж-а эс алуу шарттарын жакшыртуу; бала ж-а өспүрүм ден соолугун сактоо; калк жыш жайгашкан жерде ж-а өнөр жай ишканаларында аба, суу, тамак-аш продуктулары ж. б. үчүн гигиеналык нормативдерди (ченемдерди) иштеп чыгуу. Гигиена эмгек, коммуналдык, авиация, балдардын ж-а өспүрүмдөрдүн, аскер, космос, темир жол, транспорт гигиенасы ж. б-га бөлүнөт. Коммуналдык гигиена айлана-чөйрө факторлорунун калктын саламаттыгына ж-а санитардык турмуш шарттарына тийгизген таасирин изилдеп, атмосферадагы абанын, суунун ж-а суу м-н камсыз кылуунун тазалыгын, көлмөлөрдү санитардык коргоонун, калк отурукташкан жерлерди, турак-жай ж-а коомдук имараттарды тазалоонун санитардык эрежелерин, гигиеналык негиздерди, нормативдерди иштеп чыгат. Ал химия, физиология, токсикология, микробиология, эпидемиология ж. б. илимдердин ыкмаларын колдонот. Бала ж-а өспүрүмдөр гигиенасы балдар мекемелеринде, кесиптик-техникалык окуу жайда, мектепте эмгек процесстерин, окуу-тарбия иштерин жөнгө салууга жардам берүүчү гигиеналык сунуштарды иштеп чыгат, балдар м-н өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо ж-а чыӊдоо маселелерин изилдейт. Сырткы чөйрөнүн зыяндуу факторлору (химиялык, физиологиялык, биологиялык ж. б.) адамдын организмине түздөн-түз же кыйыр (суу, аба, топурак, тамак азыктары аркылуу) таасир этип, аны ар түрдүү ооруга чалдыктырат. Ошондуктан гигиеналык эрежелер ж-а нормативдер, айрыкча зыяндуу факторлор кездеше турган мекемелерде, өнөр жайларда так аткарылып, дайыма санитардык көзөмөлдө болушу чоӊ мааниге ээ. Ден соолукту сактоо системасында бул ишти мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору жүргүзөт.