ГИДРАВЛИКАЛЫК СОККУ
ГИДРАВЛИКАЛЫК СОККУ – түтүктөгү суюктук ылдамдыгынын өтө тез өзгөрүшүнөн анын басымынын кескин (көз ирмемде) өзгөрүү кубулушу (мисалы, түтүктүн бекиткичин тез жапканда). Орус окумуштуусу Н. Е. Жуковскийдин теориясына ылайык Гидравликалык соккудагы басымдын көбөйүшү Д формуласы м-н аныкталат, мында Дp – Па м-н туюнтулган басымдын көбөйүшү, с – бирдиги кг/м3 болгон суюктук тыгыздыгы, ж-а – тиешелүү түрдө тосмо коюлганга чейинки ж-а коюлгандан кийинки м/сек м-н ченелген суюктуктун орточо ылдамдыктары, с – согуу толкунунун түтүктү бойлото таралуу ылдамдыгы. Абсолюттук катуу капталдуу түтүктө с үндүн суюктуктагы таралуу ылдамдыгына барабар (сууда м/сек). Капталы серпилгичтүү түтүктө м-н аныкталат, мында ж-а – тиешелүү түрдө түтүктүн диаметри ж-а калыӊдыгы, ж-а – түтүк жасалган материалдын ж-а андагы суюктуктун серпилгичтик модулдары. Басым өтө чоӊойгондо Гидравликалык сокку аварияга алып келбеси үчүн түтүктөргө ар түрдүү сактагычтар орнотулат.