ГИДРАДЕНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРАДЕНИ́Т (гр. hidrоs – тер жана aden – без) – тер безинин стафилококк пайда кылуучу ириӊдүү сезгениши. Көбүнчө колтук, кээде чурай бездери сезгенет. Толук ж-а терчил кишилерде көп учурайт. Көбүнчө организмдин начарлашы, теринин бышаруусу, колтуктун тердеши, колтук жүнүн кырганда жабыркатып алуу, витамин жетишсиздик, жеке гигиенаны сактабоо ж. б. себеп болот. Адегенде бир же бир нече катуу безчелер пайда болуп, алар тез чоӊоёт, кызарып, кол тийгизбей ооруйт; кээде оорулуу чыйрыгып, денеси ысыйт. Мындай белгилер байкалганда дарыланбаса, өтүшүп кетип, абсцесске алып келет. Бул учурда хирургиялык операция жасалат. Ириӊдүү сезгенүү күчөсө, оор кабылдоого – сепсис, флегмона, лимфаденитке өтүп кетиши мүмкүн. Гидрадениттин алдын алууда жеке гигиенаны сактоо ж-а терчилдикти дарылоо керек.