ГИДРОАЭРОМЕХАНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОАЭРОМЕХА́НИКА (гидро…, аэро… ж-а механика) – механиканын бир бөлүмү. Кыймылдагы нерсе ж-а анын бети м-н суюктук ж-а газдардын өз ара аракеттешүүсү, кыймыл закондору, суюктук ж-а газдардын нерсенин кыймылына карата каршылык күчтөрү, нерсенин беттик формасына ж-а аянтына көз карандылыгы, көтөрүү ж-а гидроаэродинамикалык күчтөрдү изилдейт. Гидроаэромеханиканын өнүгүшү практиканын талабына байланыштуу болгон. Аба ж-а суу транспортторунун азыркы абалы, өнүгүшү ж-а турмуштагы мааниси гидроаэромеханиканын жетишкендиктерине байланыштуу өнүккөн. Алгачкы гидротехникалык түзүлүштөр (канал, кудук) ж-а сүзүү каражаттары (сал, кайык ж. б.), жел тозгуч, калак, руль, насос сыяктуу аэро- ж-а гидромеханикалык жабдуулар байыртадан эле жасалган. Гидроаэромеханика илиминин өсүшүнө Архимед (б. з. ч. 3-кылым), Леонардо да Винчи, И. Ньютон, Л. Эйлер, Д. Бернулли, Ж. Лагранж, О. Коши, Н. Е. Жуковский, С. А. Чаплыгин сыяктуу илимпоздор салым кошкон. Азыркыгидроаэромеханика – тармакталган, математика, физика, химия ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштагы илим. Кысылбаган суюктук кыймылын гидродинамика, ал эми газ ж-а алардын аралашмасынын, анын ичинде аба кыймылын аэродинамика изилдейт. Чыпкалоо (фильтрация) теориясы ж-а суюктуктун толкун кыймылынын теориясы гидроаэромеханиканын бөлүмү болуп эсептелет. Гидроаэромеханиканын техникалык колдонмосу газ динамикасында окутулат ж-а климат м-н аба ырайын алдын ала аныктоодо гидроаэромеханиканын закондору колдонулат. Гидроаэромеханиканын ыкмалары аркылуу авиация, артиллерия ж-а ракета техникалары, кеме ж-а энергия машиналарын куруу, гидротехникалык курулуштар, күйүү теориясы, метеорологиянын түрдүү техникалык маселелери чечилүүдө.


Ад.: Прандтль Л. Гидроаэромеханика/Пер. с нем. М., 1949; Лойцянский Л. Г. Механика жидкости и газа. 5-е изд. М., 1978.