ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА
ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА – жер астындагы суулардын жайгашуу ж-а таралуусун чагылдырган карта. Гидрогеологиялык карта гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, геологиялык карталардын негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геологиялык түзүлүшү м-н таралышы, булактар, алардын дебити, тереӊдиги м-н химиялык курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Гидрогеологиялык карта ири (1:50 000 ж -а андан чоӊ), орто (1:200 000 – 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 ж-а андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша – жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы Гидрогеологиялык карталарга ажыратылат. Гидрогеологиялык картага аймактын гидрогеологиялык шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы Гидрогеологиялык картасы, гидрохимиялык карта, жер астындагы минералдуу, жылуу ж-а ысык суулар ж. б-дын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 ж-а 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кыргызстандын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас ж-а Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) Гидрогеологиялык карталары түзүлгөн.
К. А. Кожобаев.