ГИДРОМОДУЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМО́ДУЛЬ (гидро... ж-а лат. modulus – чен, өлчөм) – белгилүү мезгилде (1 сезондо) 1 га айыл чарба өсүмдүгүн сугарууга чыгымдалган сугат суусунун орточо өлчөмү м-н). Гидромодуль гектарына л/сек м-н белгиленет. Сууну керектөөчү гидромодуль (сугат тармагына кеткен суу чыгымын эсепке албагандагы 1 га аянтка чыгымдалган суу) ж-а сууну пайдалануучу гидромодуль (сугат тармагына кеткен чыгымды эсепке алгандагы 1 га аянтка чыгымдалган суу) болуп айырмаланат. Гидромодулду ж-а сугат аянтын билип, бир жолку сугатка ж-а бүт сугат мезгили үчүн керектелүүчү суунун өлчөмүн аныктоого болот.