ГИДРОСТАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГИДРОСТА́Т (гидро... ж-а гр. statjs – кыймылсыз) – суу астында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүчү ж-а башка түрдүү жумуштарды аткаруучу аппарат. Ал атайын кемеден зым аркан м-н суу түбүнө түшүрүлөт. Гидростатты 1911-жылы америкалык инженер Гартман жасаган. Азыркы кездеги Гидростат бышык материалдардан (болот куймалары, айнек пластика ж. б.) шар же цилиндр формасында жасалып, 1–3 киши бата турган атайын камера түрүндө болот. Ал абаны конденсациялоо системасы, суу астында байкоо жүргүзүүгө арналган прибор, кино, фотоаппарат ж. б. м-н жабдылат. Электр энергиясы, телефон байланышы атайын кабелдин жардамы м-н камсыз кылынат. Гидростат негизинен 300 м тереӊдикке чейин түшүрүлөт.