ГИДРОСТАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОСТА́ТИКА (гидро… ж-а статика) – гидроаэромеханиканын суюктуктардын теӊ салмактуулугун ж-а суюктук куюлган идиш беттерине, тынч турган суюктукка чөгөрүлгөн нерсеге болгон аракетин изилдөөчү бөлүмү. Гидростатиканын негизги маселеси суюктуктагы басымдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө. Анын негизги закондорунун бири – суюктукка же газга матырылган нерсеге аракет эткен түртүү (мисалы, суу астындагы кеменин капталына ж-а түбүнө) күчүнүн чоӊдугун аныктоочу Архимед закону. Закондун негизинде кеменин сүзүшү ж-а сууга матырылышы каралат. Гидравликалык пресс, гидравликалык аккумулятор, суюктук манометри, сифон ж. б. машиналар м-н приборлор Гидростатика закондорунун бири Паскаль законуна негизделип иштейт.