ГИДРОСФЕРА
ГИДРОСФЕ́РА (гидро… ж-а сфера) – Жер шарындагы бардык суу объектилеринин жыйындысы. Океандар м-н деӊиздердин ж-а кургактыктагы ж. б. суу объектилерин (дарыя, көл, саз) бүт камтыйт. Ага жер астындагы суулар, уюлдардагы муздар, бийик тоолордогу мөӊгүлөр, жаан-чачын, тирүү организмдердин денесиндеги суулар кирет. Суулардын көбү океан м-н деӊиздерде (96%), ал эми жер астында 2%, Арктика ж-а Антарктикадагы көп жылдык муз м-н карда 2%. Гидросферанын жалпы массасында кургактыктагы суулардын үлүшү эӊ эле аз, бирок жер бетиндеги тиричилик үчүн алардын мааниси зор. Гидросфера суулары атмосфера, жер кыртышы (литосфера) ж-а биосфера м-н дайыма өз ара тыгыз байланышта. Бул байланыштын натыйжасында суунун Жер шарындагы айланышы жүрөт. Жер бетиндеги азыркы тиричилик адегенде Гидросферада башталып, кийин палеозой заманынын башталышында гана кургактыкка өткөн.