ГИДРОФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОФО́Н (гидро... ж-а гр. Phonе – үн) – суудагы үн ж-а ультраүн термелүүлөрүн кабыл алуучу ж-а аларды электрдик термелүүлөргө өзгөртүүчү түзүлүш. Гидрофон гидроакустикалык түзүлүштө – гидролокатордо, үн пеленгаторунда, акустикалык мина жардыргычта ж. б. түзүлүштөрдө колдонулат. Гидрофондун эӊ маанилүү мүнөздөмөсү – электрдик чыӊалуунун үндүк басымга болгон (мкВ/бар) катышын көрсөткөн сезгичтиги.