ГИДРОЦИЛИНДР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГИДРОЦИЛИ́НДР – алдыга-артка жылуучу поршени бар гидравликалык кыймылдаткыч. Станокко кыймыл берүүдө, асма курулуш, жол ж-а айыл чарба машиналарынын жумушчу органдарын жылдырууда, прокат стандарынын кысуучу түзүлүштөрүндө, башкаруу системаларында ж. б-да кеӊири колдонулат. Кээ бир өлкөлөрдүн айыл жерлеринде үй ж-а фермаларды дарыя суусу м-н камсыз кылуучу суу насосу дагы гидроцилиндр деп аталат.