ГИДРОЭКОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГИДРОЭКОЛО́ГИЯ (гидро..., гр. jikos – үй ж-а ...логия) – экологиянын суу экосистемасын, анын курамын ж-а аракеттенүү закон ченемдүүлүгүн (анын ичинде суу чөйрөсү м-н анда байыр алган организмдердин өз ара карым-катнашын кошо) изилдеген бир тармагы. Гидроэкология суу экосистемасын жалпы изилдесе, анын абиоталык бөлүгүн гидрология, биотасын гидробиология изилдейт. Гидроэкология азыркы учурда илим катары калыптануу стадиясында.