ГИЛБЕРТ, Хильберт Давид
ГИ́ЛБЕРТ, Хильберт Давид (23.1.1862, Кёнигсбергке жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. СССР ИАнын чет элдик корреспондент - мүчөсү (1922), чет элдик ардактуу мүчөсү (1934). Кёнигсберг университетин бүтүргөн (1895). Гёттинген, Кёнигсберг университеттеринин профессору (1895–1930). Негизги эмгектери инварианттар теориясына, алгебрага, сандар теориясына, геометрия негиздерине, Дирихле принцибине ж-а ага жакындашкан вариациялык эсептөө проблемасы м-н дифференциал теӊдемесине, интегралдык теӊдемелер теориясына, сандар теориясындагы Варинг проблемасын чыгарууга, математикалык физика негиздерине, математиканын логикалык негиздерине арналган. Гилберт түзгөн симметриялуу ядролуу интегралдык теӊдеме теориясы азыркы функциялык анализдин ж-а сызыктуу оператордун спектр теориясынын негизин түзгөн. Анын «Геометриянын негиздери» деген эмгеги (1899) геометрияны аксиомалык түзүүдө үлгү катары колдонулган. Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.