ГИНЕЦЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИНЕЦЕ́Й (гр. gynе – ургаачы, oikion – үй, турак жай) – гүлдөгү бир же көп энеликти пайда кылуучу мөмө жалбыракчалар. Гүлдүн репродукциялык бөлүгү. Мөмө жалбыракчасынын ар биринен өзүнчө энелик пайда болсо, а п о к а р п т ы к гиницей (магнолия, байчечекей, чымылдык), эволюция процессинде бир нече мөмө жалбыракчалары биригип өсүп, бир энеликти пайда кылса ц е н о к а р п т ы к гиницей деп аталып, анын негизги үч тиби бар: синкарптык (жоогазын ж-а лилия), паракарптык (апийим, бадыраӊ, ашкабак) ж-а лизикарптык. Бир нече мөмө жалбырактын биригип өсүшүнөн пайда болгон гиницей татаал энелик деп аталат.