ГИПЕРБОЛОИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРБОЛО́ИД (гипербола ж-а гр. tidos – форма, көрүнүш) – туюк эмес борбордук экинчи тартиптеги бет. Гиперболоиддин эки түрү – бир көӊдөйлүү (1-чийме) ж-а эки көӊдөйлүү (2-чийме) бар. Гиперболоид кандайдыр бир тегиздик м-н кесилишкенде экинчи тартиптеги түрдүү ийрилерди (эллипс, гипербола, парабола ж. б.) пайда кылат. Гиперболоиддин канондук теӊдемелери: – бир өӊдөйлүү гиперболоид; – эки көӊдөйлүү гиперболоид, мында ж-а с сандары гиперболоиддин жарым октору деп аталат. Гиперболоид огу аркылуу өткөн тегиздик м-н кесилишкенде гипербола, Оz огуна перпендикуляр тегиздик м-н кесилишкенде эллипс пайда болот. Гиперболоиддин симметриялуу үч тегиздиги бар. Гиперболоид теӊдемеси м-н аныкталуучу конус асимптоталык конус деп аталат. Эгерде болсо, т у у р а гиперболоидди, эки

1-чийме. 2-чийме.
жарым огу барабар болсо, а й л а н м агиперболоидди берет. Бир көӊдөйлүү гиперболоид сызыктуу бетке ээ, к. Бир көӊдөйлүү гиперболоид,