ГИПЕРГЕН КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипер… ж-а …ген), с е д и м е н т о г е н к е н д е р и, э к з о г е н к е н д е р и – жер бетинде пайда болгон кендер. Гиперген кендери жер бетинде ж-а анын кыртышынын чамалуу гана тереӊдигинде, ошондой эле көл, деӊиз, океан түбүндө, саздарда механикалык, биогеохимиялык процесстердин натыйжасында пайда болгон кендер. Мында процесстер адегенде тереӊдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер м-н кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Гиперген кендери калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) ж-а чөкмө болуп бөлүнөт. К а л д ы к Гиперген кендери үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу м-н агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. И н ф и л ь т р а ц и я Гиперген кендери жер астындагы суулардын курамындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, ч а ч ы н д ы Гиперген кендери тоо этектеринин, дарыя ж-а деӊиз жээктеринин борпоӊ чөкмө тоо тектеринде оор ж-а баалуу металлдар м-н минералдардын (алтын, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Ч ө к м ө Гиперген кендери деӊиз ж-а континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий кенташтары; кум-шагыл, чопо, акиташ ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги кен байлыктардын ирилери Гиперген кендери м-н байланыштуу.