ГИПЕРТОНИЯ ООРУСУ
ГИПЕРТОНИ́Я ООРУСУ – жүрөк-кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы м-н мүнөздөлгөн оорусу. Гипертония оорусу кан басымын жөнгө салуунун бузулушунан болуп, жүрөк-кан тамыр системасынын өтө көп таралган ооруларынын бири. Анын өөрчүшүнө нерв эмоциялык таасирлер, туздуу тамак-ашты көп ичүү, семирүү, аз кыймылдоо, тамеки тартуу, ичкилик ж. б. себеп болот. Бул оору м-н жумушчуларга караганда акыл эмгегинин адамдары, ошондой эле айылда жашагандардан шаардыктар (3 эсе көп) көбүрөөк оорушат. Гипертония оорусун орус окумуштуусу Г. Ф. Ланг 1922-жылы алгачкы жолу сыпаттап жазган. Кыргызстандын илимпоздору М. М. Миррахимов, М. А. Алиев ж. б. бийик тоодо гипертония оорусу азыраак болорун байкашкан. Бул ооруда тескери эмоциянын таасири м-н борбордук нерв системасы өтө чыӊалып, солгун иштей баштайт. Мээ кыртышына дүүлүгүү ж-а тормоздоо процесстеринин өз ара катнашы бузулат, кан тамырды кыймылдатуучу борбордун иши начарлайт. Гипертония оорусунун өнүгүшү 3 стадияга бөлүнөт. 1-стадиясында артерия басымы кез-кезде жогорулап, жүрөк тез-тез кагат, жүрөк туш ооруп, начар уктап, акыл эмгегине жөндөмдүүлүк азаят. 2-стадиясында артерия басымы көп учурда жогорулап, баш айланат, кол, буттун манжалары уюп, уйку качат, көз чыбырчыктап, тез чарчайт. 3-стадияда артерия басымы дайыма өтө жогору болуп, дарылоодон нормага чейин төмөндөбөйт, инсульт, кан куюлуу, жүрөк ишинин начарлашы байкалат. Бул оорунун белгилери негизинен жүрөк-кан тамыр, борбордук нерв системаларынын ж-а бөйрөк ишине байланыштуу болот. Анын белгилери: баш (кара куш, чыкый) ооруйт, кулак чуулдап, көз начар көрөт, жүрөктүн сол карынчасы чоӊоёт (гипертрофия). Гипертония оорусунун алдын алуу үчүн коомдук жерлерде, үй-бүлөдө, иштеген мекемеде ар кандай тескери эмоцияларга жол бербөө, эмгек м-н эс алууну туура уюштуруу зарыл. Мындай оорулууга аз кыймылдоо өтө зыян, дарылоочу физкультура, таза абада сейилдөө, сууга сүзүү ж. б. пайдалуу. Ичкилик ичүүдөн, тамеки тартуудан, семирүүдөн сактануу зарыл. Гипертония оорусу табияты боюнча өнөкөт оору болгондуктан, аны узак убакыт врач дарылайт. Диетаны туура сактоонун да мааниси чоӊ. Врачтын көрсөтмөсүсүз башаламан дарылануу гипертониялык кризге дуушар кылат. Гипертониялык криз мээге ж-а анын кабыкчаларына же башка органдарга кандын жетишсиз же кечигип келүүсүнөн, оорунун күчөшүнөн, кан басымынын (диастолалык) жогорулашынан болот.
Ад.: Мясников А. Л. Гипертоническая болезнь и атеросклероз. М., 1965; Алиев М. Н. Гипертония и горный климат. Ф., 1966; Миррахимов М. М. Болезни сердца и горы. Ф., 1971.