ГИПЕРТРОФИЯ
ГИПЕРТРОФИ́Я (гипер… ж-а гр. trophе – тамактануу, тамак) – дене мүчөлөрүнүн же алардын айрым бөлүктөрүнүн көлөмүнүн чоӊоюп кетиши. Чыныгы ж-а жалган болуп айырмаланат. Чыныгы гипертрофияда органдардын аткарган ишинин күчөшүнөн (мисалы, жумушчу же компенсатордук гипертрофия), эндокрин ж-а нерв системасынын бузулушунан паренхималык элементтердин көлөмү же массасы чоӊоёт. Жумушчу гипертрофия соо организмде (кара жумуш иштегендер, спортчулар), ошондой эле органдын бир бөлүгү жабыркаганда (мисалы, жүрөк кемтигинде – компенсатордук гипертрофия) же жуп органдын бири алынып ташталганда, экинчиси анын кызматын да аткарып калганда пайда болот. Нейроэндокриндик бузулуудан болгон гипертрофияга акромегалия, гинекомастия кирет. Жалган гипертрофияда кошумча ткандын (көбүнчө май тканы) ашык өсүшүнөн орган чоӊоюп, функциялык ткандар кичирейет ж-а кызматы начарлайт. Гипертрофия өсүмдүктө да кездешет.