ГИПОФИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПО́ФИЗ (гр. hypjрhysis – өсүндү, урчук) – омурткалуу жаныбар ж-а адамдын гормондорду жөнгө салуучу ички секреция бези. Ал баш сөөктүн түрк ээрчеси сымал чуӊкурунан орун алган. Организмдин түрүнө, анын жашына ж-а физиологиялык абалына жараша гипофиз түрдүү салмакта, көлөмдө ж-а формада болот. Гипофиз алдыӊкы (бездүү), ортоӊку (аралык) ж-а арткы (нервдүү) бөлүктөргө бөлүнөт. Алдыӊкы бөлүгүнүн функциясы өтө татаал. Организмдин өсүү, көбөйүү, негизги зат алмашуу процесстери анын нормалдуу функциясына байланыштуу. Гипофиздин экстрактынан 7 гормон бөлүнүп алынган. Өсүү гормону тканда болуп жаткан биохимиялык процесске түздөн-түз таасирин тийгизет. Анын арбын бөлүнүшү бойдун ашкере өсүшүнө (гигантизм), ал эми аз иштелип чыгышы өспөй калууга (эргежээлдикке) алып келет. Калгандары башка бездердин гормондору аркылуу таасир этет. Ал гормондорго адренокортикотроп, тиреотроп, гонодотроп ж. б. кирет. Гипофиздин гормондорунун химиялык түзүлүшү аныкталган, көбү синтезделип алынган. Алар эндокрин ж. б. ооруларда колдонулат. Гипофиздин секрециясынын бузулушу ар кандай ооруларга чалдыктырат. Анын функциясы сырткы чөйрөнүн шартына байланыштуу. Гипофиздин эндокриндик функциясын өзгөчө нейрогумор затын иштеп чыгуучу гипоталамус башкарат.