ГИППОКРАТ
ГИППОКРА́Т (б. з. ч. 460, Кос а. – б. з. ч. 377, Фессалия) – байыркы грек врачы. Медициналык билимди атасы Гераклидден алган. Ал көп өлкөлөрдү кыдырып, Кичи Азия, Ливияда, Кара деӊиз жээктеринде, Азия жана Египетте болуп, элдик медицина менен таанышкан. Гиппократтын негизги эмгектери аба, суу жана чөйрөгө, катуу ооруда диета кармоого, сыныкка, баштын жараатына арналган. Ал медицинаны диндин таасиринен бошотуп, анын өз алдынча илим катары өсүшүнө жол ачкан. Гиппократ оорулууну дарылоодо организмдин жеке өзгөчөлүгү менен айлана-чөйрөнүн шартына көӊүл бурган. Адамдын ооруга чалдыгышын Кудай жиберген, табияттан тышкары күчтөр пайда кылат деп эсептеген агымга каршы болуп, оорунун этиологиясы жөнүндө түшүнүктү айткан. Оорунун өрчүшүнүн негизги стадиясын, диагноз коюу маселесин иштеп чыккан. Ал көрүнүктүү хирург катары да белгилүү болгон. Сыныкты, чыккан жерди, жараатты таӊуу, геморрой жана башка дарттарды дарылоо жолдорун иштеп чыккан. Врачтардын «Гиппократ анты» деп аталган антын жазган. Гиппократты «медицинанын атасы» деп аташат.

Чыг.: Избранные книги/Пер. с греч. М., 1936.