ГИПСТЕП ТАӉУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПСТЕП ТАӉУУ – сөөктүн ачык же жабык сыныктарында, жиликтин башы муундан чыгып кеткенде белгилүү убакытка кыймылсыз абалда кармоо үчүн колдонулуучу тез катуучу таӊуу. Гипстеп таңуу үчүн туурасы 10–20 см, уз. 2–3 м бинт же дакиге гипс күкүмүн текши себелеп, жылуу сууга малып, бир аз сыгып туруп, керектүү жерди таӊат. Жаӊы сыныкка же муун чыкканда бутту, колду тегерете гипстеп таңууга болбойт, себеби ал жер шишип кетип, тегерете таӊылган гипс кан тамырларды ж-а нервдерди кысып, кан айлануу жүрбөй калгандыктан, ал жер гангренага айланып кетиши мүмкүн. Туура таӊылган гипстеп таңуудан кийин ал жер оорубаш керек. Эгерде гипс кысып оорутса, манжалар чымыраса, андан кийин көгөрө баштаса, дароо таӊууну узатасынан кесип бошотуу зарыл.