ГИРИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИРИ́Н , Ц з и л и н ь – Түндүк-Чыгыш Кытайдагы шаар. Гирин провинциясында жайгашкан. Сунгари дарыясындагы ири порт. Калкы 4,9 млн (2021). Темир жол тоому. Хим. (боёочу каражаттар, кальций карбиди, азот жер семирткичи, целлюлоза ж. б.), кагаз, жыгаччылык, машина куруу, курулуш өнөр жайлары, темир эритүү өндүрүшү иштейт. ЖЭС ж-а ГЭС бар. 1673-жылы негизделген.